Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ветеринария, мал чарбасын өңүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын алдындагы Арстанбек Дүйшеев атындагы Кыргыз ветеринария илим-изилдөө институтуна барып, анын ишмердүүлүгү жана жүргүзүлүп жаткан илимий изилдөөлөрү менен таанышты.
Институттун курамында 6 лаборатория жана илимий-эксперименталдык база бар. Алардын арасында Бруцеллез ылаңын изилдөө лабораториясы жана вирусология, биотехнология, эпизоотология, паразитология, үй жаныбарларын жана бал аарыларынын ылаңдарын изилдөө лабораториялары иш алып барат.
Бруцеллез ылаңын изилдөө лабораториясы “Фонд Илбирс”, Корнелл университети (АКШ), Льейда жана Барселона автономдук университеттери (Испания), ошондой эле Сьерра-Невада улуттук паркы менен биргеликте Ыссык-Көл жана Нарын облустарындагы жапайы жаныбарлардын (тоо теке жана кулжа) кан үлгүлөрүн изилдеди.
2022–2023-жылдары чогултулган 156 кан үлгүнүн ичинен 4 тоо текеден бруцеллез ылаңы аныкталды, алардын бардыгы Ыссык-Көл облусунан алынган. Кулжалар арасында бул ылаң катталган жок.
Мындан тышкары, 149 үлгү саркоптоз (котур) ылаңына текшерилип, алардын 46,5%ында оң жыйынтык аныкталды, анын ичинде тоо текелерде 53,8%, кулжаларда 11,1% түздү.
Изилдөөлөр тиешелүү мекемелер менен 2017- жана 2019-жылдары түзүлгөн меморандумдардын негизинде жүргүзүлүп, Корнелл университети тарабынан техникалык жана илимий колдоо көрсөтүлдү.
Бул иш-чара жапайы жаныбарлар арасында жугуштуу оорулардын жайылышын алдын алуу жана илимий кызматташтыкты өнүктүрүү максатын көздөйт.


