Италия жана аймактык ветеринардык лабораториялардын ортосунда твиннинг-долбоорду ишке киргизүү макулдашылды

Швейцариянын Женева шаарында өткөн Биологиялык коркунучтарды азайтуу боюнча Глобалдык конференциянын алкагында, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын Ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун директору Алмаз Жунушбаев Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын коргоо уюмунун (WOAH) Башкы директору Эммануэль Субейран жана WOAHтын субрегионалдык өкүлү Мереке Тайтубаев менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мындан аркы кызматташуунун келечегин талкуулап, Ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору, Италия жана аймактык ветеринардык лабораториялардын ортосунда твиннинг-долбоорду ишке киргизүү боюнча макулдашышты.

Долбоордун негизги максаты — лабораториялык базаны чыңдоо жана вирусология тармагындагы көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу.

Бул биргелешкен долбоор төмөнкүлөрдү камтыйт:

• илимий кызматкерлердин жана адистердин өз ара алмашуусун;

• окутуу семинарларын өткөрүүнү;

• вирус изоляттарын мүнөздөөнү;

• молекулалык тестирлөө жана секвенирлөөнүн заманбап ыкмаларын киргизүүнү.

Долбоор толугу менен Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын коргоо уюмунун (WOAH) тарабынан каржыланат. Твиннинг-долбоордун ишке ашырылышы Кыргызстандын ветеринардык лабораторияларынын потенциалын жогорулатуунун, улуттук биокоопсуздук системасын чыңдоонун жана эл аралык кызматташууну кеңейтүүнүн маанилүү кадамы болуп саналат.

Бул демилгенин ийгиликтүү ишке ашырылышы Ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун илимий-техникалык базасын өнүктүрүүгө чоң салым кошуп, жаныбарлардын жугуштуу ооруларынын жайылышын алдын алуу жана көзөмөлдөө чараларынын сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Facebook
Twitter
Telegram
WhatsApp