Учурда республика боюнча ветеринарлар тарабынан мал-жандыктарды ар кандай жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында күзгү эмдөө жана профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча ветеринардык-санитардык, профилактикалык жана эпизоотияга каршы иш-чаралар 17 млн 986,6 миң баш малга карата аткарылды. Анын ичинде:
• Диагностикалык изилдөөлөр – 930,6 миң баш малга жүргүзүлдү;
• Алдын ала эмдөө иштери – 16,5 млн баш малды камтыды;
• Дегельминтизация (паразиттерге каршы дарылоо) – 552,4 миң баш малга жасалды.
Жалпысынан, 2025-жылдын 9 айына бекитилген план 102 пайызга аткарылып, эпизоотиялык абал туруктуу деңгээлде сакталууда.
Мындай иш-чаралар мал чарбасын өнүктүрүүдө, ошондой эле элдин жана жаныбарлардын ден соолугун коргоодо маанилүү ролду ойнойт.


