Эхинококкоз жана башка мителерге каршы дары каражаттарын чыгаруучу завод куруу мүмкүнчүлүгү талкууланды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Арстанбек Дүйшеев атындагы Кыргыз ветеринария илим-изилдөө институтунун Паразитология, Вирусология жана биотехнология лабораторияларынын жүргүзүп жаткан илимий изилдөөлөрү менен таанышты.

Паразитология лабораториясында малдардын жана үй жаныбарларынын мите ылаңдарына мониторинг жүргүзүлүүдө. Ошондой эле эхинококкозго каршы кабыл алынган стратегиянын негизинде эхинококкозго каршы колдонулуп жаткан иш-чаралардын натыйжалуулугун баалоо боюнча изилдөөлөр жүргүзүлүп жатат.

Жолугушуунун жүрүшүндө келечекте эхинококкоз жана башка мителерге каршы дары каражаттарын чыгаруучу завод куруу мүмкүнчүлүгү талкууланды. Бул демилге өлкөнүн дары-дармек боюнча импортко болгон көз карандылыгын азайтуу максатын көздөйт.

Вирусология жана биотехнология лабораторияларында жаныбарлардын жана балыктардын вирустук ооруларына каршы изилдөөлөр жүргүзүлүүдө. Учурда балыктардын ылаңдарын аныктоо жана алар менен күрөшүү боюнча иш-чаралар аткарылууда. Мындан тышкары, институттун базасында вакциналарды, ветеринардык тест-системаларды жана дары каражаттарды иштеп чыгуу боюнча маселелер да талкууланды.

Белгилей кетсек, Арстанбек Дүйшеев атындагы Кыргыз ветеринария илим-изилдөө институту — республикадагы ветеринардык медицина тармагындагы алдыңкы илимий борборлордун бири. Институт жаныбарлардын, канаттуулардын жана аарылардын саламаттыгын коргоо, ошондой эле өлкөнүн азык-түлүк, биологиялык жана экологиялык коопсуздугун камсыз кылуу багытында маанилүү милдеттерди аткарып келет.

Facebook
Twitter
Telegram
WhatsApp