Бишкекте “Жайыттардын абалын жакшыртуу жана аларды рационалдуу пайдалануу” деген темада семинар өттү. Семинардын максаты – жайыттарды калыбына келтирүү, рационалдуу пайдалануу боюнча актуалдуу маселелерди талкуулоо жана кызыктар тараптар менен жайыттардын абалын баалоо.
Семинарга Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО), «Кыргызгипрозем» мамлекеттик жерге жайгаштыруу ишканасы жана башка тиешелүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү катышты.
Программада: Жайыттардын абалын жакшыртуу боюнча пилоттук долбоорлор (Нарын облусу мисалында), Жайыттарды башкаруунун жана пайдалануунун учурдагы абалы жана жакшыртуу жолдору, CS-FOR долбоорунун алкагында жүргүзүлгөн иштер, ОНУВ-3 долбоору жана ГИС инструменттерин жайыттарды башкарууда колдонуу жана Мал чарбачылыгы боюнча ESMP жана укуктук негиздер боюнча баяндамалар жасалды.












