«ТИ Кант» мамлекеттик ишканасынын убактылуу сактоо кампасында ветеринардык көзөмөл жүргүзүлүп, Евразия экономикалык бирлигинин коопсуздук талаптарына жооп бербеген канаттуулардын этинин партиясы аныкталды.
Аталган продукция Өзбекстан Республикасынын «FAYZ PARRANDA» жоопкерчилиги чектелген коомунан Бишкек шаарында жайгашкан «ТТ.Топ.Трейд» жоопкерчилиги чектелген коомуна импорттолгон.
ГОСТ Р 55481-2013 стандартына ылайык аккредитацияланган ветеринардык лаборатория тарабынан жүргүзүлгөн лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында эт үлгүлөрүндө антибиотиктер тобуна кирген ветеринардык препараттардын биринин курамы жол берилген ченемден ашык экени аныкталган.
Изилдөөлөр Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аккредитацияланган лабораторияларынын Бирдиктүү реестрине кирген лаборатория тарабынан жүргүзүлгөн, бул алынган жыйынтыктардын ишенимдүүлүгүн тастыктайт.
Ветеринардык-санитардык талаптардын бузулушу аныкталгандыгына байланыштуу жана Бажы бирлигинин Комиссиясынын №317 чечимине ылайык, «ТИ Кант» МИ УСК инспекторлору тарабынан канаттуулардын этинин партиясын жөнөтүүчү тарапка кайтаруу жөнүндө чечим кабыл алынды.
Продукцияны кайтаруу 2025-жылдын 11-декабрындагы № UZ 0000336 ветеринардык сертификаттын негизинде жүргүзүлүүдө.
Калктын саламаттыгын коргоо жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында импорттолгон продукцияларга ветеринардык көзөмөл жүргүзүү иштери мындан ары да улантылат.


