2025-жылдын 12 айында чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пункттарында 112 мыйзам бузуу фактысы аныкталды

2025-жылдын 12 айынын жыйынтыгы боюнча чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пункттарында импорттолгон жүктөрдү текшерүү учурунда 112 мыйзам бузуу фактысы катталды. Аталган фактылар боюнча тиешелүү артка кайтаруу актылары түзүлдү.

Аныкталган мыйзам бузуу фактылары төмөнкү мамлекеттерге тиешелүү болду:

  • Казакстанга – 48 артка кайтаруу актысы
  • Өзбекстанга – 51 артка кайтаруу актысы
  • Орус Федерациясына – 8 артка кайтаруу актысы
  • Пакистанга – 1 артка кайтаруу актысы
  • Кытай Эл Республикасына (КЭР/КНР) – 3 артка кайтаруу актысы
  • Түркияга – 1 артка кайтаруу актысы

Мыйзам бузуу фактылары негизинен ветеринардык коштоочу документтердин талаптарга жооп бербеши, жүктөрдүн коопсуздук талаптарын сактабагандыгы жана ветеринардык-санитардык нормалардын бузулушу менен байланыштуу.

Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү жайыт жана тоют кызматынын Чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктары тарабынан өлкөгө кооптуу продукциянын киришине жол бербөө максатында текшерүү иш-чаралары туруктуу негизде жүргүзүлүп, ветеринардык коопсуздукту камсыз кылуу багытында көзөмөл күчөтүлүүдө.

Facebook
Twitter
Telegram
WhatsApp