Бишкекте “Эхинококкозго каршы аракеттерди консолидациялоо” форуму өттү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Ветеринардык кызматы Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) биргеликте уюштурду.

Форумга Суу ресурстары, Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин өкүлдөрү, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, ошондой эле өнүктүрүү боюнча эл аралык эксперттер жана өнөктөштөр катышты.

Форумдун максаты – эхинококкоз сыяктуу коркунучтуу зооноздук оору менен байланышкан ден соолукка келтирилген коркунучтарга өз убагында жооп берүүгө жана алардын адамдарга жана экономикага тийгизген терс таасирин минималдаштырууга жөндөмдүү туруктуу системаны түзүү. Форумдун дагы бир негизги максаты – зооноздук ооруларга каршы профилактикалык чараларды көрүү жөнүндө резолюция кабыл алуу.

Милдеттери:

  • Эхинококкозго каршы күрөшүүнүн улуттук артыкчылыктары жана келечеги;
  • Эхинококкозго каршы күрөшүүдө илимий жана практикалык чечимдер;
  • Өлкөдөгү эхинококкоз оорусунун абалы
  • Элдин саламаттыгын эхинококкоздон сактоо жана коргоо;
  • Эхинококкоз боюнча эпидемиологиялык жана эпизоотиялык абалды жакшыртуу
  • Адамдардын жана жаныбарлардын эхинококкоз оорусуна мониторинг жүргүзүү;
  • Эхинококкоз оорусу тууралуу маалымат (маалыматтык системалар);
  • Климаттын өзгөрүү шарттарында ооруну изилдөө;
  • Эхинококкоз менен күрөшүү жана алдын алуу чаралары

Форумдун катышуучулары эхинококкоз жана башка зооноздук оорулар боюнча эпидемиологиялык кырдаалды талкуулашты, ошондой эле аларды натыйжалуу диагностикалоо жана дарылоо үчүн техникалык базаны бекемдөө маселелерин карашты. Талкуунун дагы бир темасы оорунун жайылышын азайтууга багытталган алдын алуу иш-чараларын уюштуруу жана өткөрүү болду.

Жыйынтыгында, катышуучулар жаныбарлар менен адамдардын ортосунда жугуучу ооруларды алдын алуу, аныктоо жана алар менен күрөшүү – жалпы максатка жетүү үчүн кызматташтыкты жана биргелешкен ишти улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Белгилесек, Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда жылына эхинококкозду жуктуруп алган 900гө жакын учур катталат. Бул зооноздук оору деп аталат. Анткени жугуштуу ылаң иттен адамдарга жугат.

Facebook
Twitter
Telegram
WhatsApp