Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин жыл жыйынтыгын чыгарган жылдык коллегиясынын отурумунан кийин министрликке караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору Улугбек Кожобергенов борбордук аппараттын жана райондук, шаардык ветеринардык башкармалыктардын башчыларынын катышуусунда биринчи жыйын өткөрдү. Анда кайрадан уюшулган кызматтын ишмердүүлүгү, алдыдагы максаттары жана милдеттери айтылып, тийиштүү жетекчилерге жайыт тармагын жакшыртуу, малды жасалма жол менен уруктандыруу иштерин жүргүзүү жана республика боюнча малдын асылдуулугун арттыруу боюнча тапшырмалар берилди.
Ошондой эле ар бир райондук жетекчилерге аталган тапшырма боюнча талдоо жүргүзүп, иш планын иштеп чыгуу милдеттендирилди. Андан сырткары, жыйында мал-жандыкты жазгы эмдөөдөн өткөрүүнүн жүрүшү, берилген биокаражаттарды үнөмдүү жана сапаттуу колдонуу, эпидемиологиялык абалды туруктуу кармоо, зооноздук ооруларга каршы калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, ветеринардык тейлөөнү жакшыртуу, сандан-сапатка өтүү сыяктуу маселелер талкууланды. Ошондой эле өткөн жылдын жыйынтыгы чыгарылып, 2025-жылга карата бекитилген пландын аткарылышын так жана убагында жүргүзүү боюнча тийиштүү жетекчилерге тапшырмалар коюлду.
Жыйынтыгында Улугбек Кожобергенов Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын ишмердүүлүгүн жана ветеринардык кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуунун маанилүүлүгүн белгилеп, бардык кызматкерлерди ишине жоопкерчилик менен мамиле жасоого жана биргеликте иш алып барууга чакырды.