Жыл аягына чейин муниципалдык жаңы беш мал базар ишке берилет

Өлкөдө жаңы муниципалдык беш мал базар курулуп жатат. Алар: Ноокен, Кочкор, Ак-Талаа, Кадамжай райондорунда жана Бишкек шаарында салынууда. Ошондой эле, жергиликтүү бийлик менен биргеликте Өзгөн жана Кемин райондоруна да жаңы мал базар куруу үчүн жер бөлүнүп берилди. Жакынкы алардын да курулуш иштери башталат.

2024-жылы муниципалдык жети мал базар курулуп ишке берилген. Алар Баткен, Ноокат, Токтогул, Тоң, Лейлек, Айтматов, Сокулук райондорунда ачылган.

Белгилесек, ушул тапта өлкө боюнча 43 мал базар өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Анын 12си муниципалдык, 31и жеке менчик мал базар. Аталган 43 мал базардын 18и ветеринардык-санитардык талапка жооп берсе, калган 25 мал базарда райондук жана шаардык ветеринардык башкармалыктардын берген көрсөтмөлөрүнүн негизинде ветеринардык-санитардык талапка ылайык келтирүү үчүн оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат.

Бул аракеттер мал чарбачылыгынын инфраструктурасын жакшыртууга жана ветеринардык коопсуздукту камсыздоого багытталат.

Facebook
Twitter
Telegram
WhatsApp