“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Улугбек Кожобергенов мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору – Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик ветеринардык инспектору болуп дайындалды.
