Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгы боюнча отчеттук жыйын өткөрдү. Жыйынга министр Бакыт Төрөбаев катышты.
Кызматтын директору Улугбек Кожобергенов төмөнкү багыттар боюнча аткарылган иштерди тууралуу баяндама жасады:
• 2025-жылдын алты айында аткарылган иштер;
• Укуктук ченемдик актылардын кабыл алынышы;
• Бюджет жана каржылоо, атайын эсептин аткарылыщы;
• Эпизоотиялык абал, ветеринардык көзөмөл жана текшерүүлөр;
• Мал союучу жайлар, мал базарлар жана алардын ишмердүүлүгү;
• Мал чарбасын өнүктүрүү, жасалма уруктандыруу;
• Жаныбарларды идентификациялоо жана санариптештирүү иштери;
• Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары;
• Жайыт жана тоют багытындагы иштер.
Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын 2025-жылга бекитилген бюджети – 971 млн 156,3 миң сомду түзөт. Такталган бюджет – 991 млн 217,3 миң сом, анын ичинен – 366 млн 043,6 миң сом каржыланды. Бюджеттин аткарылышы – 36,9 %ды түздү.
Кызматтын 2025-жылга бекитилген атайын эсеби – 200 млн 983,5 миң сом. Анын ичинен – 98 млн 740,1 миң сому атайын эсепке түштү. Башкача айтканда аткарылышы – 49,1% болду.
2025-жылдын 6 айында жалпы республика боюнча 2 279 ишкердик субъект текшерилип, жалпы 1 млн 403 миң сом айып салынды.
2025-жылдын 6 айында 20 357 т сүт азыктары, 12 772 800 даана жумуртка, 188,5 т балык жана балык азыктары, 3 538 т тоок эти, 397,2 т колбаса азыктары жана 27 709 т бодо малдын териси экспортко чыкты.
Республика аймагында 37 ветеринардык өткөрмө пунктары көзөмөл жүргүзөт. Алар: аэропорттордо – 4, кыргыз-казак чек арасында – 7, кыргыз-өзбек чек арасында – 6, кыргыз-тажик чек арасында – 5, кыргыз-кытай чек арасында –3, убактылуу сактоочу жайда – 4, темир-жол станцияларында – 5 жана ички ветеринардык постто – 3.
Өлкө боюнча 117 мал союучу жай бар. Анын 11и ЕАЭБдин ресстрине катталган.
72 – касапкана ветеринардык талапка жооп берет;
45 – талапка жооп бербейт;
13 – убактылуу жабылган;
15 – ички реестрден чыгарылган.
Республика боюнча 43 мал базар иштейт.
Талапка жооп бергени – 20;
Талапака жооп бербегени – 23;
Жаңы салынганы – 7.
Азыркы учурда дагы жаңы муниципалдык 5 мал базар курулуп жатат. Анын экөө Кадамжайда, калган базарлар Ноокен, Кочкор жана Ак-Талаа райондорунда курулууда. Алар да жакынкы күндө ишке берилет.
Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын коргоо уюму тарабынан (ВОЗЖ) 2025-жылдын май айында өткөн 92-башкы сессиянын №14 тескемесине ылайык, Кыргыз Республикасында шарп ылаңын көзөмөлдөөнүн расмий программасы кайрадан жактырылып, бекитилди.
2025-жылдын февраль айында Ветеринардык кызмат тарабынан демилгеленип, кой- эчкилердин кыргын жана шарп ылаңдарына статус алууга Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын коргоо уюмунун эксперттери менен тажырыйба алмашуу форуму өттү.
2025-жылдын 11-23 августунда Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын коргоо уюмунун (ВОЗЖ МЭБ) эксперттери тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында кой-эчкилердин кыргын ылаңын камтыган PVS баалоо жүргүзүүгө сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, ВОЗЖ МЭБ тарабынан эксперттер дайындалды.
Асыл тукум мал чарбасындагы иш-чаралар:
2025-жылдын 15-майында Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан “Кыргыз Республикасынын асыл тукум заводдордун жана фермаларынын тизмесин бекитүү жөнүндө” № 05/2-17/109 буйругу кабыл алынып, өлкө боюнча 186 мал чарба субъектиси расмий түрдө асыл тукум статусуна ээ болду. Аларга министрлик тарабынан күбөлүктөр берилди.
Асыл тукум чарбалардын тизмеси төмөнкүдөй:
• Кой чарба – 75
• Эчки чарба – 5
• Ири мүйүздүү мал чарба – 66
• Жылкы чарба – 35
• Топоз чарба – 5
• Канаттуу чарба – 2
• Аары чарба – 4
Асыл тукум малдын жалпы саны:
• Кой – 52 580 баш
• Эчки – 3 590 баш
• Жылкы – 3 784 баш
• Топоз – 14 500 баш
• Канаттуулар – 350 700 баш
Республика боюнча малдарды жасалма уруктандыруунун анализи:
“Элита” станциясы 2025-жылдын 6 айына 4819 литр суюк азот өндүрүп, региондордогу техник уруктандыруучуларды суюк азот менен камсыздап келүүдө.
2024-жылдын 6 айында 264 пункт – 44 642 баш ИММ уруктандырылса, 2025-жылы 6 айда 191 пункт – 47 542 ИММ уруктандырды.