Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу «Мал аман»борборунун директору кызмат ордуна конкурс жарыялайт

1. Кесиптик билим деңгээли:

— “айыл чарба” тармагындагы ветеринария багыты боюнча жогорку кесиптик билим.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— тиешелүү кесиптик чөйрөдө 7 жылдан кем эмес жана жетекчи кызматтарда                               5 жылдан кем эмес иш стажы.

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

Билим:

Ченемдик укуктук актылары:

            — Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

  — “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;

— “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;

            — Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

            — “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

      — “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

— “Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

— “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

— “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Тиешелүү  кесиптик чөйрөдөгү ченемдик укуктук актылар:

            — “Ветеринария жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

            — “Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

            — “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

            -“Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

— “Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

            — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы №56 “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” токтому;

            — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-февралындагы №108 “Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү жөнүндө” токтому;

            — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-июнундагы №377 “Жаныбарлардын ооруларын алдын алуу боюнча биринчи кезектеги ветеринардык-санитардык талаптарды бекитүү жөнүндө” токтому;

            — Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү.

Билгичтиги:

            — ишти стратегиялык пландаштыруу жана пайда болгон проблемаларды чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонуу;

            — кураторлук кылуучу түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишин натыйжалуу башкаруу;

            — кыйын кырдаалдарда чечим кабыл алуу жана кабыл алынган чечимдер үчүн жоопкерчилик тартуу;

            — жамаатта жагымдуу социалдык-психологиялык климатты түзүү жана инсандар ортосунда заманбап баарлашуу методдорун колдонуу;

            — кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

            — жамаатта жагымдуу социалдык-психологиялык климатты түзүү жана инсандар аралык баарлашуунун заманбап ыкмаларын колдонуу;

            — чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;

            — мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө маалыматтык технологиялар менен иштөө көндүмдөрүн билүү.

Көндүмдөр:

— аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

— башкаруучулук иш (пландоо, уюштуруу, координациалоо, жүйөөлөштүрүү жана контролдоо);

— эл алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

— белгилүү чөйрөдөгү ишти талдоо жана болжолдоо, келип чыгуучу көйгөйлөрдү чечүүдө жаңы ыкмаларды колдонуу;

— башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу жана стратегиялык чечимдерди аткаруунун, кабыл алынган чечимдердин натыйжаларына мониторинг жүргүзүүнүн, контролдоонун, талдоонун жана болжолдоонун сапаты үчүн жоопкерчилик тартуу;

— иштиктүү баарлашуунун, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү;

— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:

  • Жеке арызы;
  • кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча сүрөтү менен;
  • резюме (электрондук почтасын көрсөтүү менен);
  • өмүр баяны (соттуулугу бар же жок экенин көрсөтүү менен);
  • акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин (бар болсо) көчүрмөлөрү;
  • акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы бар болсо);
  • паспорттун көчүрмөсү.

            Конкурска катышуу үчүн документтер 2026-жылдын 27-августунан тартып                                         18-сентябрына чейин  “Кыргыз  Агрохолдинг” ачык акционердик коомуна төмөнкү дарек боюнча берилиши керек: 720040, Бишкек шаары, Киев көчөсү 96 «А», 7-кабат,                  кабинет-704, телефон: +(996) 507190300.

            Конкурска катышуу боюнча чыгымдарды (конкурс өтүүчү жерге баруу жана келүү, турак жайды жалдоо, жашап туруу, байланыш каражаттарынын бардык түрлөрүн пайдалануу) жарандар өз каражаттарынын эсебинен жүргүзүшөт.

Кабыл алынган талапкерлер конкурска чакырылат.

Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарга конкурска катышууга жол берилбейт.

Facebook
Twitter
Telegram
WhatsApp

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы борбордук аппараттын  улук жана башкы мамлекеттик административдик жарандык кызмат орундарынын ички кадрлар резервине кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт

Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы Аймактык бөлүмдөрдүн, чек ара жана ички ветеринардык көзөмөлдөө пункттарынын улук жана башкы мамлекеттик административдик жарандык кызмат орундарынын ички кадрлар резервине кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт

Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы Аймактык бөлүмдөрдүн, чек ара жана ички ветеринардык көзөмөлдөө пункттарынын улук жана башкы мамлекеттик административдик жарандык кызмат орундарынын ички кадрлар резервине кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы Аймактык бөлүмдөрдүн, чек ара жана ички ветеринардык көзөмөлдөө пункттарынын улук жана башкы мамлекеттик административдик жарандык кызмат орундарынын ички кадрлар резервине кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт