Очокторду эсепке алуу жана мониторинг жүргүзүү системасы иштелип чыкты

Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматында эпизоотиялык көзөмөлдү күчөтүү жана ветеринардык тармакты санариптештирүү максатында “Очокторду эсепке алуу жана мониторинг жүргүзүү системасы” (ОЭМС) геомаалыматтык системасы, кыскача ГИС «СУМО» иштелип чыкты.

Жаңы система жугуштуу оорулардын жайылышына ыкчам чара көрүүнү камсыз кылып, бардык маалыматтарды бирдиктүү санариптик платформада карта форматында көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.

ГИС «СУМО» аркылуу төмөнкү объекттер эсепке алынып, үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүлөт:

– сибирь жарасынын очоктору

– крематорийлер

– Беккари чуңкурлары

– мал жуундуруучу ванналар (купочные ванналар)

– мал көрүстөндөрү (скотомогильниктер)

Система төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү камсыздайт:

✔ интерактивдүү картада объекттерди так көрүүгө

✔ эпизоотиялык иш-чараларды ыкчам башкарууга

✔ маалыматтарды чогултуу, сактоо жана талдоого

✔ башка мамлекеттик системалар менен интеграцияга мүмкүндүк берет

Учурда Кызматтын адистери аймактарда окутуу иштерин жүргүзүүдө. Окутуулар 8–18-апрель күндөрү пландалган графикке ылайык өтүп жатат.

Жаңы система ветеринардык коопсуздукту жогорулатууга, маалыматтын ачыктыгын камсыздоого жана башкаруу чечимдеринин ыкчам кабыл алынышына өбөлгө түзөт.

Facebook
Twitter
Telegram
WhatsApp