Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору Адилет Сотовалдиев менен Россия Федерациясынын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматынын жетекчиси Сергей Данкверт Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.
Тараптар эки ведомствонун компетенциясына кирген бир катар актуалдуу маселелерди, анын ичинде айыл чарба жаныбарларын эмдөө маселесин талкуулашты. Буга чейин Кыргызстан Ветеринария кызматына караштуу «ВНИИЗЖ» федералдык мамлекеттик бюджеттик мекемесинен ветеринардык препарат сатып алган жана мындан ары да сатып алуулардын көлөмүн көбөйтүүнү пландаштырууда.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ветеринария тармагында Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоого жана кеңейтүүгө кызыкдар экенин ырасташты. Ошондой эле эки тарап үчүн өз ара кызыкчылык жараткан бардык маселелер боюнча конструктивдүү диалогду улантуу макулдашылды.
Жолугушууда дагы бир маанилүү тема — Кыргызстандын сүттү кайра иштетүүчү ишканаларынын продукцияларын Россиянын рыногуна чыгаруу маселеси болду. Учурда мындай 10 чарба жүргүзүүчү субъектке Россия Федерациясына продукция экспорттоого уруксат берилген.
Жолугушуунун соңунда Сергей Данкверт Адилет Сотовалдиевди 7–10-октябрь күндөрү Москва шаарында өтө турган XXVIII «Алтын күз» («Золотая осень») Россия агроөнөр жай көргөзмөсүнө чакырды. Иш-чаранын алкагында ветеринардык конгресс өткөрүлүп, анда ветеринария багытындагы актуалдуу маселелер талкууланып, аларды чечүү боюнча сунуштар иштелип чыгат.






