Коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу боюнча окутуу өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын 2026–2027-жылдарга коррупцияга каршы маалыматтык саясаты боюнча мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында, ошондой эле мамлекеттик кызматкерлердин укуктук сабаттуулугун жогорулатуу жана коррупциянын алдын алуу максатында Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын райондук башкармалыктарынын кызматкерлери үчүн атайын окуу семинары өткөрүлдү.

Семинардын жүрүшүндө коррупцияга каршы мыйзамдардын талаптары, мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилиги, кызматтык этиканын принциптери жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу боюнча актуалдуу маселелер кеңири талкууланды.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында коррупциянын коомго жана мамлекетке тийгизген терс таасири, анын алдын алуу жолдору тууралуу маалымат берилип, бул багыттагы маалыматтык иштерди күчөтүүнүн мааниси белгиленди. Катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алып, мыйзам талаптарын кызматтык ишмердүүлүктө туура жана натыйжалуу колдонуу боюнча кеңири түшүндүрмөлөрдү алышты.

Мындай окутуу иш-чаралары мамлекеттик кызматкерлер арасында мыйзамдуулукту чыңдоого, кызматтык жоопкерчиликти жогорулатууга жана коррупцияга каршы туруктуу маданиятты калыптандырууга багытталган.

Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы тарабынан кызматта ачык-айкындуулукту камсыз кылуу, мыйзамдуулукту бекемдөө жана коррупциянын алдын алуу боюнча иштер мындан ары да туруктуу негизде жүргүзүлө берет.

Facebook
Twitter
Telegram
WhatsApp