Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директорунун орун басары Бакыт Шарапов жетектеген делегация Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын ден соолугун коргоо уюмунун (БДЖДСКУ/ВОЗЖ) Борбордук Азия боюнча аймактык директору Мереке Тайтубаев менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө төмөнкү негизги маселелер талкууланды:
• өлкөдөгү жана дүйнөдөгү учурдагы эпизоотиялык абал;
• эпизоотияга каршы иш-чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу;
• жылкылардын африкалык чумасы боюнча эркин статус алуу үчүн досье даярдоо маселелери;
• алдыдагы кызматташтыкты бекемдөө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу.
Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын ден соолугун коргоо уюму эл аралык ветеринардык стандарттарды иштеп чыгууда жана жаныбарлардын жугуштуу ооруларына каршы күрөшүүдө негизги ролду ойнойт. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар ветеринардык коопсуздукту камсыз кылууда уюмдун сунуштамаларын кеңири колдонуу жана аймактык деңгээлде тажрыйба алмашууну активдештирүү зарылдыгын белгилешти.
Бул жолугушуу ветеринария тармагында эл аралык кызматташтыкты мындан ары чыңдоого жана тармактын туруктуу өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.



