Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин андан ары өнүктүрүү чаралары жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы тарабынан жайыттарды жакшыртуу боюнча иштер улантылууда.
Кунарсыз жана деградацияга учураган жайыттарды калыбына келтирүү максатында 2026-жылга республикалык бюджеттен 50 млн сом каралган.
Аталган каражаттын эсебинен жалпы көлөмү 186 440 килограмм болгон жайыт чөптөрүнүн үрөндөрү сатылып алынды. Анын ичинде:
• кылкансыз түп бош — 28 878 кг;
• жайыт райграсы — 28 878 кг;
• шаалбаа бетегеси — 42 026 кг;
• эспарцет — 86 658 кг.
Тендердин жыйынтыгында жеткирүүчүлөр болуп Александр Голенков жана Адилет Анишев аныкталды.
Алынган үрөндөр өлкө аймагындагы түшүмдүүлүгү төмөндөп кеткен жайыттарды жакшыртууга багытталып, мал чарбачылыгынын тоют базасын бекемдөөгө, жайыттардын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жана экологиялык абалды жакшыртууга кызмат кылат.
Учурда үрөндөрдү аймактарга бөлүштүрүү жана себүү иштерин уюштуруу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.



