Чүйдө “Ветеринардык дарыгерлер” күнүнө арналган Ветеринардык кызматтын кубогу үчүн футбол боюнча ынтымак турнири өттү.
Оюнга Ветеринардык кызматтын район, шаардык башкармалыктарынын жана борбордук аппаратынын кызматкерлеринен түзүлгөн 14 команда катышты.
Бүйүр кызыткан спорттук иш-чарада 3-орунду Ысык-Көл облустук башкармалык, 2-орунду Бишкек шаардык башкармалык, ал эми баш байге – кубокту (1-орун) Чүй облустук башкармалык жеңип алды.
Андан сырткары, катышуучулар жеке номинациялар боюнча да сыйлыктар менен сыйланышты:
“Мыкты коргоочу”
“Мыкты чабуулчу”
“Мыкты дарбазачы”
“Мыкты күйөрман”
“Мыкты оюнчу”
Турнирдин максаты – кызматкерлердин ынтымагын бекемдөө жана сергек жашоо образын жайылтуу.
_______________________