Ветеринардык кызматкерлердин кесиптик майрамына карата ветеринария тармагына кошкон өзгөчө салымы үчүн Ветеринардык кызматтын төрт кызматкери сыйлыктар менен сыйланды.
Тактап айтканда, Ички ветеринардык көзөмөлдөө бөлүмүнүн улук инспектору Мурат Кенжебаев Ветеринардык кызматтын “Мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланды.
Ошондой эле, аталган бөлүмдүн инспектору Мырзакул Исраилов жана Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган продукцияларды идентификациялоо жана байкоо жүргүзүү башкармалыгынын инспектору Максат Маратбек уулу Ветеринардык кызматтын Ардак грамотасы менен сыйланышты.
Мындан тышкары, Ички ветеринардык көзөмөлдөө бөлүмүнүн улук инспектору Надира Токтогуловага кесиптик ишиндеги үзүрлүү эмгеги үчүн Алкыш жарыяланды.
Бул сыйлыктар — өлкөнүн ветеринардык коопсуздугун камсыздоого өз салымын кошуп жаткан адистердин эмгегине берилген жогорку баа.