Жыл башынан бери кыргыз балынын экспорту 47 %га өстү. 2025-жылдын 4 айында Кыргызстандан 143,7 тонна бал экспорттолду, бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 45,9 тоннага көп. Өткөн жылдын январь-апрель айларында 97,8 тонна бал экспорттолгон.
Экспорттун негизги көлөмү төмөнкү өлкөлөргө багытталган (2025-жылдын 4 айында):
• Кытай – 82,1 тн (эн ири импортёр)
• БАЭ – 24,5 тн
• Өзбекстан – 15,1 тн
• Кувейт – 4,6 тн
• Катар – 6,3 тн
Булардын ичинен Кытай менен БАЭге болгон экспорт өзгөчө көп болду. Ал эми импорт кыйла азайган. 2024-жылдын 4 айында 44,8 тонна бал сатылып алынса, 2025-жылы 0,5 тонна гана бал импорт болду.
Бул ички өндүрүштүн жетиштүү болуп калганын жана сапаттуу продукцияга болгон ишенимдин артканын көрсөтөт. Кыргыз бал өндүрүшү жакшы багытта өнүгүп жатат. Демек, кыргыз балына болгон суроо-талап өсүүдө