Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын директору Улугбек Кожобергенов Германия Федеративдик Республикасынын Фридрих-Леффлер атындагы институтунун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө мурда түзүлгөн эки тараптуу келишимдин алкагында бир катар маанилүү макулдашуулар жетишилди. Атап айтканда:
• 2025-жылдын 14-17-май күндөрү Кыргызстандагы Ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун жана А. Дүйшеев атындагы Кыргыз ветеринария илим изилдөө институтунун лаборатория кызматкерлерине бруцеллез ылаңын серологиялык аныктоо боюнча окутуу өткөрүлөт;
• Жаңы эл аралык методдор менен ветеринардык изилдөөлөрдү киргизүү;
• Лаборатория кызматкерлеринин кесиптик квалификациясын жогорулатуу боюнча биргелешкен иш-чараларды жүргүзүү макулдашылды.
Бул кызматташтык Кыргызстандын ветеринардык тармагын эл аралык стандарттарга ылайык өнүктүрүүдө жана жугуштуу оорулардын алдын алуу механизмдерин күчөтүүдө маанилүү кадам болуп саналат.