Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келе жаткан жүк артка кайтарылды

Ош облусундагы “Достук” көзөмөл өткөрүү пунктунун “Достук” чек ара ветеринардык постунун инспекторлору Өзбекстандан Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келе жаткан жүккө текшерүү жүргүзүп, жыйынтыгында 13 400 кг бодо малдын ич эти ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптарына жооп бербегенин жана мыйзамсыз экенин аныкташты.

Натыйжада “Достук” чек ара ветеринардыккөзөмөл өткөрүү жайынын инспекторлору тарабынан тиешелүү акт түзүлүп, жүк “Достук” өткөрүү пункту аркылуу Өзбекстанга кайра артка кайтарылды.

Facebook
Twitter
Telegram
WhatsApp