Беш айда 1 146 ишкердик субъект текшерилди

2025-жылдын январь-май айлары аралыгында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат тарабынан тамак-аш коопсуздугун камсыздоо багытында жигердүү иштер жүргүзүлдү.

Белгиленген мөөнөт ичинде республикалык деңгээлде 1 146 ишкердик субъектти текшерүүгө макулдашуу алынган, алардын ичинен 981 субъект текшерүүдөн өткөрүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгында 332 көрсөтмө берилди жана ветеринардык-санитардык талаптар менен көрсөтмөлөрдүн аткарылбагандыгы үчүн жалпы 761 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Республика боюнча ветеринардык көзөмөлгө тиешелүү болгон жалпы 73 242 объект катталган. Учурда бир инспекторго орточо 75 объект туура келет.

Ветеринардык кызмат тарабынан көзөмөл иштери мындан ары да улантылып, тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу багытында талаптардын аткарылышы тыкыр көзөмөлдө болот.

Facebook
Twitter
Telegram
WhatsApp