Ветеринардык талап жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча көчмө жыйын өттү

Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору Улугбек Кожобергенов баштаган кызматкерлер Ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун адистери менен биргеликте “Тойбос” компаниясынын өндүрүштүк базасында көчмө жыйын өткөрүштү.

Жыйындын жүрүшүндө ветеринардык талаптарды сактоо, тамак-аш коопсуздугун камсыздоо жана мал чарбачылыгындагы көйгөйлөр боюнча маселелер талкууланды. Андан соң адистер тарабынан “Тойбос” компаниясынын өндүрүш процесси, колдонулган чийки заттар жана даяр продукциялардын сапаты текшерилди.

Мындай көчмө жыйындар калкты коопсуз, сапаттуу азык-түлүк менен камсыздоого багытталган маанилүү кадам болуп саналат.

Facebook
Twitter
Telegram
WhatsApp