Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев министрликке караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарган иштери боюнча отчетун угуп кабыл алды.
Отчетко ылайык, республика аймагында эпизоотияга каршы алдын алуу иштери өз убагында жана толук кандуу жүргүзүлдү. Тактап айтканда, алдын ала эмдөө иш-чаралары 121%га, диагностикалык изилдөөлөр 126%га, ал эми иттерди дегельминтизациялоо 85%га аткарылды. Жалпы алганда, жарым жылдыкка белгиленген план 120%га аткарылганы белгиленди.
Бул көрсөткүчтөрдүн негизги себеби — райондук жана шаардык ветеринардык башкармалыктардын 100% деңгээлде эпизоотияга каршы биологиялык каражаттар менен камсыздалышы жана алардын убагында жеткирилиши болду. Аткарылган иштердин негизинде экспортко таасир этүүчү жугуштуу ылаңдар катталган жок жана өлкөдө эпизоотиялык абал туруктуу сакталды.
Министр Бакыт Төрөбаев Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын жетекчилигине мындан ары да ишти күчөтүү жана эл аралык кызматташууну өнүктүрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.