Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын эл аралык стандартка шайкеш келген 12 ветеринардык лабораториясы аккредитациядан ийгиликтүү өтүп, иш жүргүзүп келет.
Алсак, Бишкекте – 3, Ошто – 3 жана Талас, Нарын, Баткен, Жалал-Абад, Балыкчы, Караколдо бирден эл аралык деңгээлдеги аккредитациядан өтүп, учурда үзгүлтүксүз иштеп жатат.
Аккредитация болгон лабораториялар ИСО-МЭК 17025 Эл аралык стандарттын талаптарына жана улуттук аккредитациялоо критерийлерине ылайык болгон лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүшөт.
Мындай лабораториялар эпизоотиялык тобокелдиктердин өсүү шарттарында биологиялык коопсуздукту, эпидемиологиялык көзөмөлдү камсыз кылуу, ошондой эле эл аралык деңгээлде жыйынтыктарды таануу үчүн аба-суудай керек.
Андыктан жарандарыбыз, фермер-дыйкандарыбыз мал жандыктарынын, үй канаттууларынын ар түрдүү ылаңдарын жана эт, сүт, балык, жумуртка, бал азыктарына байланыштуу кандай гана лабораториялык текшерүү, чечим керек болсо, төмөндөгү даректерге кайрылып эл аралык стандартка төп келген анализдерди чыгартып алса болот:
Ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору мамлекеттик мекемеси (Бишкек шаары Рыскулова 33)
1. Серология бөлүмү:
Аккредитация обласы: бруцеллез, хламидиоз, жылкынын учуну (случная болезнь), сап, жылкынын инфекциялык анемия ылаңдарына каршы антителолорду аныктоо.
2. Вирусология жана молекулярдык диагностика бөлүмү.
Аккредитаация обласы: вирустук ыландар, Шарп, кутурма, майда жандыктардын чумасы, канаттуулар ларинготрахеити, жылкынын Африкалык чумасы, жылкынын ринопневмония ылаңы, канаттуулар тумоосу, бодо малдын лейкозу, нодулярдык дерматит, оспа, чочколордун классикалык чумасы, чочколордун Африкалык чумасы, канаттуулардын Ньюкасл ылаңы, блутанг.
3. Химиялык-токсикология жана ветеринардык санитардык экспертиза бөлүмү.
Аккредитация обласы: эт, сүт жана сүт азыктарынан, балык, жумуртка, балдан 70 жакын антибиотиктердин жана башка антимикробдук химиотерапевтикалык заттардын калдыктарын сапаттык ыкма менен аныктоо; уулу заттарды (кадмий, свинец, мышьяк), хлорорганикалык пестициддерди, чийки эт азыктарын идентификациалоо (кой, тоок, эчки, чочко, уй, жылкы, эшек, ит, мышык) жана химия-физикалык көрсөткүчтөрүн аныктоо.
Ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору мамлекеттик мекемесинин түштүк регион боюнча өкүлчүлүгү (Ош шаары Молдо Нияз 135)
1. Вирусология бөлүмү:
Аккредитация областы: Шарп, кутурма, майда жандыктардын чумасы, лейкоз, куш тумоосу, канаттуулардын ларинготрахеити, жылкылардын африкалык чума ылаңдары.
2. Химиялык-токсикология жана ветеринардык санитардык экспертиза бөлүмү:
Аккредитациялоо обласына ылайык жаныбарлардан алынган продукцияларга (сүт, сүт зыктары, союлуучу малдын эти, субпродуктулары, бакма канаттуулардын эти, балык, жумуртка, бал) химия-физикалык көрсөткүчтөрүн, антибиотиктердин жана башка антимикробдук химиотерапевтикалык заттардын калдыктарын сапаттык ыкма менен аныктоо.
3. Серология бөлүмү:
Аккредитация обласы: бруцеллез, эпидидимит, жылкынын учуну (случная болезнь), сап ылаңдарын аныктоо.
Аймактык лабораториялар:
1. Нарын зоналдык ветеринардык лаборатория, серология бөлүмү (Нарын шаары Андабекова 40)
Аккредитация обласы: бруцеллез, эпидидимит, жылкынын учуну (случная болезнь), сап ылаңдарын аныктоо.
2. Талас зоналдык ветеринардык лаборатория, серология бөлүмү (Талас шаары Оторбаева 219)
Аккредитация обласы: бруцеллез, эпидидимит, жылкынын учуну (случная болезнь), сап ылаңдарын аныктоо.
3. Балыкчы зоналдык ветеринардык лаборатория, серология бөлүмү (Балыкчы шаары Аманбаева 216-А)
Аккредитация обласы: бруцеллез, эпидидимит, жылкынын учуну (случная болезнь), сап ылаңдарын аныктоо.
4. Каракол зоналдык ветериардык лаборатория, серология бөлүмү (Каракол шаары, Эшенова 90)
Аккредитация обласы: бруцеллез, эпидидимит, жылкынын учуну (случная болезнь), сап ылаңдарын аныктоо.
5. Баткен зоналдык ветеринардык лаборатория, серология бөлүмү (Баткен шаары Тоголок-Молдо 1)
Аккредитация обласы: бруцеллез, эпидидимит, жылкынын учуну (случная болезнь), сап ылаңдарын аныктоо.
6. Жалал-Абад зоналдык ветеринардык лаборатория, серология бөлүмү (Ноокен району Масы айылы, Токтогул 60)
Аккредитация обласы: бруцеллез, эпидидимит, жылкынын учуну (случная болезнь), сап ылаңдарын аныктоо.
Ветеринардык лабораторияларды аккредитациялоо лабораториялык изилдөөлөрдүн натыйжаларынын техникалык компетенттүүлүгүн, ишенимдүүлүгүн жана объективдүүлүгүн тастыктоо үчүн маанилүү инструмент болуп саналат.