Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын чек арага жакын жайгашкан Бажы органдарынын жетекчилеринин жыл сайын өтүүчү жолугушуусунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинин алдындагы Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын, Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин жана Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү КЭРдин Башкы бажы башкармалыгынын (Үрүмчү бажысы) делегациясы менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү.
Делегацияны Үрүмчү шаарынын Бажы башкармалыгынын башчысынын тамак — аш коопсуздугу жана санитардык нормалар боюнча орун басары Яо Цзянь айым жетектеди.
Жолугушууда кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл тармагындагы кызматташуунун негизги багыттары талкууланды. Тараптар кызматташууну координациялоо жана маселелерди ыкчам чечүү үчүн жооптуу байланыш адамдарын дайындоо, ошондой эле Кыргызстандын экспорттоочу ишканаларын КЭРдин Башкы бажы башкармалыгынын маалымат системасына каттоо жана сертификаттардын аныктыгын тастыктоо механизмдерин уюштуруу маселелери боюнча макулдашууга жетишишти.
Бул иш-чара эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган ишенимди бекемдөөгө, ачыктыкты камсыз кылууга жана продукциялардын чек ара аркылуу коопсуз өтүүсүн камсыз кылууга багытталган маанилүү кадам болуп калды.