Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ветеринардык башкармалыктардын өкүлдөрү жана жеке ветеринардык адистер “Жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасы (ЖИКС) аркылуу санарип форматта ветеринардык отчёт түзүү жана иш алып баруу” боюнча окуудан өтүштү.
Иш-чарада катышуучулар:
ЖИКСке интеграцияланган электрондук формалар менен иштөөнү;
Малды эмдөө жана диагностикалоо боюнча маалыматтарды туура толтурууну;
Санариптик отчётторду түзүүдөгү кыйынчылыктарды жана алардын чечүү жолдорун;
Маалыматтардын тактыгын жана жоопкерчилик маселелерин үйрөнүштү.
Аталган окутуу Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) тарабынан колдоого алынып өткөрүлдү.
Семинардын максаты – ветеринардык адистердин санарип көндүмдөрүн өнүктүрүү жана ЖИКС системасын натыйжалуу колдонууга көмөктөшүү.
Мындай окутуулар Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматын санариптештирүүдө жана анын натыйжалуулугун жогорулатууда чоң мааниге ээ!


























