Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматында Парижде жайгашкан Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын коргоо уюмунун (WOAH) эксперттери менен жолугушуу өттү.
Иш-чарага бир катар мамлекеттик органдардын жана Ветеринардык палатанын адистери катышты.
Жолугушууда Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын ишмердүүлүгү талкууланды.
Белгилей кетсек, Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын сактоо уюмунун (WOAH) эксперттер бир жума мурун Кыргызстанга Ветеринардык кызматтын натыйжалуулугун баалоо миссиясын жүргүзүү үчүн келген. Делегация 45 критерий боюнча көз карандысыз баа берип, мыйзамдык базаны өркүндөтүү жана эл аралык стандарттарга ылайык ишмердүүлүктү жакшыртуу боюнча сунуштарды берет.
Бул Кыргызстандагы ветеринардык системанын өнүгүүсүнө өбөлгө түзмөкчү.












