Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директорунун орун басары Бакыт Шараповдун жетекчилиги алдында бардык кызматкерлердин катышуусунда жыйын өткөрүлдү. Иш-чарага борбордук аппараттын кызматкерлери менен катар бардык райондук жана шаардык ветеринардык башкармалыктардын башчылары онлайн форматта кошулушту.
Жыйындын жүрүшүндө бир катар маанилүү маселелер талкууланды. Атап айтканда:
- мал базарлардын ишин тартипке келтирүү;
- эттин дүң баасын туруктуу кармоо боюнча иш алып баруу;
- жасалма уруктандыруу;
- эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөө жана туруктуулугун камсыз кылуу;
- зооноздук оорулардын алдын алуу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
- ветеринардык тейлөөнүн сапатын жакшыртуу;
- сандык көрсөткүчтөрдөн сапаттык көрсөткүчтөргө өтүү.
Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү тапшырмалар берилип, белгиленген багыттар боюнча ишти күчөтүү зарылдыгы белгиленди.






