Эгемендүүлүк күнүнө карата кызматкерлерге сыйлыктар тапшырылды

Эгемендүүлүк күнүнө карата ветеринария тармагына сиңирген өзгөчө эмгеги жана жоопкерчилик менен аткарган жигердүү кызматы үчүн Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын бир катар кызматкерлери сыйлыктар менен сыйланды.

Тактап айтканда, Чек ара ветеринардык көзөмөлдөө башкармалыгынын улук инспектору Кызартбек уулу Максат кызматтын “Мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланды.

Ошондой эле, Чек ара ветеринардык көзөмөлдөө башкармалыгынын инспектору Айдана Нишанбаева,  Финансы жана мамлекеттик сатып алуулар башкармалыгынын жетектөөчү адиси Алмаш Ишенакунова жана Ветеринардык дары каражаттары жана тоют кошулмалары борборунун башкы адиси Досманбет кызы Аниса кызматтын Ардак грамотасын алышты.  

Мындан тышкары, Ветеринардык дары каражаттары жана тоют кошулмалары борборунун адиси кызматтын Нурсултан Сарыпбековго кесиптик ишиндеги үзүрлүү эмгеги үчүн Алкыш жарыяланды.

Бул сыйлыктар — өлкөнүн ветеринардык коопсуздугун камсыздоого өз салымын кошуп жаткан адистердин эмгегине берилген жогорку баа.

Facebook
Twitter
Telegram
WhatsApp