WOAH эксперттери веткызматтын ишмердүүлүгүн баалоо миссиясын аяктады

Франциядан Кыргызстанга келген Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын коргоо уюмунун (WOAH) алты эксперттен турган делегациясы Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын ишмердүүлүгүн баалоо боюнча жүргүзгөн миссиясын жыйынтыктады.

Бир жумага созулган иш сапарынын жүрүшүндө делегация өлкөдөгү эпизоотиялык абалга көз салып, аймактарды кыдырып, ветеринардык лабораторияларды, жогорку окуу жайларды жана мал чарба фермаларын текшерип чыкты. Ошондой эле, атайын PVS баалоосу жүргүзүлүп, кызматтын жетишкендиктери менен катар айрым көйгөйлөрү да белгиленди.

Миссиянын жыйынтыгында WOAH эксперттери Кыргызстандын Ветеринардык кызматын 45 критерий боюнча көз карандысыз баалоо жүргүзүшүп, мыйзамдык базаны өркүндөтүү, эл аралык стандарттарга ылайык ишмердүүлүктү жакшыртуу жана кызматтын потенциалын күчөтүү боюнча сунуштарды беришет.

Бул иш-чара Кыргызстандагы ветеринардык системанын өнүгүүсүнө, мал чарбачылыктын туруктуу өсүшүнө жана жаныбарлардын саламаттыгын камсыздоого өбөлгө түзөт.

Facebook
Twitter
Telegram
WhatsApp