Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын алдындагы “Кыргыз мамлекеттик асыл тукум завод” ишканасынын Айтматов райондук “Лушихина” асыл тукум заводу Кочкор райондук “Кочкор” асыл тукум заводуна “Меринос” породасындагы 150 баш козуну өткөрүп берди.
Бүгүнкү күндө “Лушихина” асыл тукум заводу “Меринос” породасындагы койдун башын алты миңге жеткирди. Ал эми «Кыргыз мамлекеттик асыл тукум завод» ишканасында жалпы республика боюнча 10 395 баш кой, 83 баш жылкы жана 2 310 баш эчки багылат.
Өлкө боюнча асыл тукум мал багып жаткан тогуз завод бар. Алар төмөнкүлөр:
“Оргочор”
“Кочкор”
“Тянь-Шань”
“Нарын”
“Лушихина”
“Талас”
“Катта-Талдык”
“Көк-Бел”
“Тегирмен-башы”
Белгилесек, былтыр уюң жүндүү “Меринос” койлорунун жүнүнүн килограммы 200 сомдон сатылган.
Кыргызстандын мал чарбасында акыркы жылдары асыл тукум малды көбөйтүү багытына өзгөчө көңүл бурулууда. Ошол асыл тукумдардын ичинен дүйнөдө жүнүнүн сапаты боюнча биринчи орунда турган “Меринос” породасы айрыкча мааниге ээ.
“Меринос” породасын көбөйтүү – бул жөн гана мал чарбасын асылдандыруу эмес, Кыргызстандын айыл чарбасын жана жеңил өнөр жайын жаңы экономикалык деңгээлге чыгаруунун негизги баскычы болуп саналат.













