Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын Панфилов райондук башкармалыгынын үч кызматкерине көп жылдык үзүрлүү эмгеги, райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы жана ак ниет эмгеги үчүн “Панфилов районунун Ардактуу атуулу” наамы менен берилди. Бул сыйлык 31-август – Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата ыйгарылды.
Ардактуу наам ээлери:
1. Качкымбаев Калыбай Джакыпбекович – Панфилов райондук ветеринардык башкармалыгынын жеке ветеринардык дарыгери;
2. Абдыкеримов Бооронбай Сарыпбекович – Панфилов райондук ветеринардык башкармалыгынын жеке ветеринардык дарыгери;
3. Тенирбергенов Жышанбек Кадырбекович – Панфилов райондук ветеринардык башкармалыгынын жеке ветеринардык дарыгери.
Ошондой эле Панфилов райондук башкармалыгынын башчысы Марс Абыканов Жогорку Кеңештин ыраазычылык каты менен сыйланды.
Бул сыйлыктар алардын эмгегине берилген жогорку баа болуп, райондун өнүгүүсүнө жана мал чарбасын өркүндөтүүгө кошкон зор салымынын далили болуп саналат.







