Тамак-аш продукциясынын сапатын жакшыртуу максатында республика боюнча жайгашкан 74 ветеринардык-санитардык экспертиза лабораториясына жаңы лабораториялык жабдуулар тапшырылды. Жабдуулар Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) колдоосу менен алынды.
Жаңы жабдуулардын киргизилиши менен лаборатория кызматкерлери мал чарба продукцияларынын сапатын жана коопсуздугун ыкчам жана так текшерүүгө, ошондой эле оорулардын алдын алуу иштерин жогорку деңгээлде жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алышат.
Бул жабдуулар менен Кыргызстандын ветеринардык-санитардык лабораториялары дүйнөлүк стандарттарга шайкеш иш жүргүзө алат. Мунун натыйжасында:
• мал чарба продукциясынын сапаты жана коопсуздугу жогорулайт,
• оорулардын алдын алуу мүмкүнчүлүгү кеңейет,
• фермерлер жана айыл чарба өндүрүүчүлөрү сапаттуу кызмат менен камсыздалат,
• ички жана тышкы рынокто атаандаштык жөндөмдүүлүк артат.
Бул демилге ФАО тарабынан Кыргызстандагы мал чарбаны туруктуу өнүктүрүүгө жана тамак-аш коопсуздугун камсыз кылууга кошкон олуттуу салым болуп эсептелет.









