Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы жаш кадрларды ишке тартууга даяр экенин билдирет

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин тапшырмасына ылайык, Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы жаш кадрларды ишке тартууга даяр экенин билдирет.

Аталган кызматтын директорунун орун басары Бакыт Шарапов баштаган адистер К.И. Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук Агрардык Университетинин Ветеринардык медицина факультетинин бүтүрүүчү студенттери менен жолугушуу өткөрүштү. Иш-чарада кызматтын ишмердүүлүгү, негизги милдеттери тууралуу кеңири маалымат берилди жана студенттердин суроолоруна жооп кайтарылды.

Жолугушуу алкагында жаңы бүтүрүүчүлөргө ветеринардык тармактагы ишке орношуу шарттары жана келечектеги мүмкүнчүлүктөр түшүндүрүлүп, жаш адистерди колдоо жана кадрдык резервди толуктоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Белгилей кетсек, өткөн жылы аталган факультетти 103 студент ийгиликтүү аяктаган. Быйылкы бүтүрүүчүлөр дагы өлкөнүн ветеринардык тармагына салым кошо турган жаш адистер катары кызматка тартылууда.

Facebook
Twitter
Telegram
WhatsApp