9 ай ичинде импорт учурунда 50 мыйзам бузуу фактысы катталды

2025-жылдын январь-сентябрь айларынын аралыгында Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын чек ара ветеринардык көзөмөл пункттарында импорттук жүктөрдү жана жаныбарларды өткөрүү учурунда 50 мыйзам бузуу фактысы катталды.

Аталган мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп, артка кайтаруу актылары түзүлдү. Жалпы жыйынтык боюнча 130 партия жүк жана жаныбарлар артка кайтарылган. Алсак:

• Казакстан Республикасына – 39 артка кайтаруу актысы

• Өзбекстан Республикасына – 6 артка кайтаруу актысы

• Россия Федерациясына – 85 артка кайтаруу актысы

Артка кайтарылган жүктөрдүн көлөмү:

• Жаныбарлар – 209 баш

• Тоок жумурткасы – 306 400 даана

• Сүт азыктары – 77,2 тонна

• Эт азыктары – 145,2 тонна

• Тоют – 129,4 тонна

• Кымыз – 17 786 литр

Бул чаралар өлкө аймагына ветеринардык жана эпизоотикалык талаптарга жооп бербеген продукциялардын кирүүсүнө жол бербөө, калктын биокоопсуздугун жана жаныбарлардын саламаттыгын коргоо максатында көрүлүүдө.

Кызмат тарабынан чек ара көзөмөлү мындан ары да күчөтүлүп, мыйзам бузууларга жол бербөө боюнча иштер системалуу түрдө улантылууда.

Facebook
Twitter
Telegram
WhatsApp