Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган ветеринардык биокаражаттарды талаптагыдай шартта сактоо максатында бардык райондук жана шаардык башкармалыктар үчүн атайын муздаткыч жабдыктарын сатып алды.
Учурда жабдыктарды региондорго жеткирүү жана орнотуу иштери активдүү жүрүп жатат. Бул чара ветеринардык биокаражаттарды коопсуз, сапаттуу жана тиешелүү стандарттарга ылайык сактоого мүмкүнчүлүк түзүп, ветеринардык кызматтын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга чоң салым кошот.
Жаңы муздаткыч жабдыктарынын пайдаланышы менен мал ооруларынын алдын алуу, дары-дармек жана вакцина ресурстарынын сапатын сактоо боюнча иштер дагы натыйжалуу жүргүзүлөт. Бул өз кезегинде өлкөнүн мал чарбасын коргоого жана өнүктүрүүгө өбөлгө болот.



