Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) жана Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы, ФАОнун CS-FOR долбоору алкагында Кыргызстанда жайыт ресурстарына мониторинг жүргүзүү жана башкаруу системасын күчөтүүгө багытталган келишимге кол коюшту.
Бул макулдашуу ФАОнун жер ресурстарын башкарууга жана аларга мониторинг жүргүзүүгө арналып иштелип чыккан куралдарынын жардамы менен (Open Foris) талаа шартында чогултулган реалдуу географиялык маалыматка негизделген автоматташтырылган заманбап жайыттардын абалын баалоо жана мониторинг жүргүзүү системасын түзүүнүн өзөгү болот.
Аталган система, жайыттардын кыртышына, деградацияга учураган аянттарга жана эрозия процесстерине аралыктан байкоо жүргүзүүгө жана учкучсуз учуучу (дрон) аппараттардын жардамы менен чогултулган маалыматтарды далилдөөгө жана тактоого мумкунчулук берет.
Кызматташтыктын негизги багыттары:
• Кызматтын адистерин жайыттарга мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча улуттук жана аймактык деңгээлде окутуу;
• көп спектрлүү дрондорду жана аралыктан зонддоо маалыматтарын колдонуу менен талаа изилдөөлөрүн жүргүзүү;
• жайыттарды картага түшүрүү жана башкаруу чечимдерин кабыл алуу үчүн GIS куралдарын колдонуу;
• мобилдик тиркеме, мониторинг жана баалоо маалымат базасын жана “Электрондук жайыт” платформасын камтыган санариптик чечимдерди интеграциялоо.
• Кызматты жайыттарга мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн мобилдик лаборатория менен техникалык жактан жабдуу.
Ошондой эле бул келишимдин негизинде, алыскы жайыт аймактарында иштөө үчүн мобилдик лаборатория, унаа, дрон, компьютердик жабдуулар жана автономдуу энергия булактары сыяктуу заманбап жабдууларды алуу боюнча да долбоор тарабынан колдоо көрсөтүлөт.
Келишим CS-FOR долбоорунун төрт пилоттук районунда – Ак-Талаа, Тогуз-Торо, Сузак жана Өзгөндө – ишке ашырылат жана жайыттарды туруктуу башкаруу, деградацияланган жайыттарды калыбына келтирүү жана өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу үчүн практикалык куралга айланат.








