Мал ылаңдарына каршы жазгы алдын алуу иш-чаралары башталды


Республика аймагында мал ылаңдарына каршы жазгы алдын алуу иш-чаралары башталды. Бекитилген планга ылайык, жер-жерлерде 3–6 айлык ургаачы торпокторго бруцеллез ылаңына каршы эмдөө жүргүзүлүүдө. Ошондой эле бодо малдан кан алып, бруцеллез оорусуна текшерүү иштери жүрүп жатат. Үй жаныбарларынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында ит жана мышыктар кутурмага каршы эмделип, эхинококкоз ылаңына каршы дегельминтизациялоо иштери башталды.


Жапырт эмдөө иш-чараларынын алкагында кой-эчкилер оспа жана бруцеллез ооруларына каршы, бодо малдар шарп, күйдүргү жана карасан ылаңдарына каршы эмделет. Жалпысынан вакцинация мамлекеттик бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.


2026-жылы республика боюнча туруктуу эпизоотиялык абалды камсыз кылуу максатында аймактык ветеринардык түзүмдөр толук көлөмдө биокаражаттар, антигельминтиктер жана жугушсуздандыруучу каражаттар менен камсыздалды. Аларды талапка ылайык сактоо үчүн атайын муздаткыч жабдуулар орнотулду. Эпизоотияга каршы иш-чаралар планы мал-жандыктын санына жана аймактардагы эпизоотиялык кырдаалга жараша түзүлүп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылып бекитилген.


Ветеринардык дары-дармектерди жана биокаражаттарды сатып алууга 2026-жылга республикалык бюджеттен 135млн сом каражат бөлүнгөн. Жазгы алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү үчүн керектүү каражаттар менен камсыздоо 100% деңгээлде аткарылды.


Учурда вакциналарды жана биокаражаттарды ветеринардык талаптарга ылайык сактоо, сапаттуу жана жоготуусуз пайдалануу боюнча тиешелүү көрсөтмөлөр берилип, көзөмөл күчөтүлдү.

Facebook
Twitter
Telegram
WhatsApp