Ветеринардык кызматкерлердин күнү белгиленди

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы кесиптик майрамга карата бир катар кызматкерлерди ведомстволук сыйлыктар менен сыйлады.

Министрликтин жогорку сыйлыгы – «Кыргыз Республикасынын айыл чарбасынын мыктысы» төш белгиси менен төмөнкү кызматкерлер сыйланышты:

• Денизбек Капаров

• Калысбек Осмонов

• Анвар Ахметов

• Рысбек Жумаев

Ошондой эле, «Ардактуу кызматкер» төш белгиси төмөнкү кызматкерлерге ыйгарылды:

• Кемелбек Абдылусенов

• Марина Немченко

• Иманалы уулу Адылбек

Министрликтин «Ардак грамотасы» менен сыйлангандар:

• Кызартбек уулу Максат

• Бактияр уулу Азамат

• Аида Касмалиева

• Сагынбек уулу Талант

Мындан тышкары, министрликтин «Ыраазычылык каты» Назира Рысбековага ыйгарылды.

Бул сыйлыктар ветеринария тармагында үзүрлүү эмгек кылып, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга жана мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн берилди.

Министрлик бардык ветеринария кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалайт.

Facebook
Twitter
Telegram
WhatsApp