Астана шаарында (Казакстан Республикасы) «Борбордук Азиянын климаттык лидерлиги: мамлекет менен бизнестин өнөктөштүгү» аттуу сегизинчи Борбордук Азиялык конференция болуп өттү.
Конференцияга Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынан барган делегация катышты.
Иш-чаранын алкагында ветеринария тармагы үчүн өзгөчө маанилүү болгон «Бирдиктүү ден соолук» (One Health) программасына арналган сессияларга өзгөчө көңүл бурулду. Делегация өкүлдөрү аймактык Координациялык кеңештин экинчи жыйынына катышып, анда пандемиянын алдын алуу, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана экосистемалардын туруктуулугу маселелери талкууланды.
Конференциянын жүрүшүндө ветеринардык адистер эпизоотиялык абалды көзөмөлдөө, климаттын өзгөрүү шартында ветеринария тармагындагы актуалдуу маселелерди чечүү, ошондой эле коңшу мамлекеттер менен тажрыйба алмашуу боюнча бир катар жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.
Бул иш-чарага катышуу аймактык кызматташтыкты бекемдөөгө жана ветеринардык коопсуздукту камсыз кылууда заманбап, инновациялык ыкмаларды киргизүүгө өбөлгө түзөт.



