Кыргызстанда малдын жугуштуу ылаңдарынын алдын алуу максатында жазгы эмдөө өнөктүгү күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүп жатат. Бул максатта Россия Федерациясынан алынып келинген 1 миллион доза вакцина өлкөнүн бардык аймактарына толук жеткирилди. Учурда жеке ветеринардык адистер малдарга эмдөө жүргүзүп жатышат.
Адистердин айтымында, бул иш-чаралар мал арасында жугуштуу оорулардын жайылышын алдын алуу, эпизоотиялык абалды туруктуу сактоо жана малдын саламаттыгын коргоо максатын көздөйт.
Мамлекет тарабынан мал ээлерине вакциналар акысыз берилет. Жарандар жеке ветеринардык адистерге эмдөө жүргүзүү боюнча кызмат акысы үчүн гана төлөм жүргүзүшөт.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда малдар жыл сайын эки жолу — жаз жана күз мезгилдеринде милдеттүү эмдөөдөн өткөрүлөт. Республикалык бюджеттин эсебинен 9 түрдүү ылаңга каршы вакциналар акысыз камсыздалат. Алардын катарына шарп, бруцеллез, кутурма, сибирь жарасы, ошондой эле кой-эчкилердин күл жана кыргын ылаңдарына каршы вакциналар кирет. Мындан тышкары, эхинококкоз оорусуна каршы атайын таблеткалар берилет.
Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы жарандарды малды өз убагында эмдетүүгө чакырып, бул чаралар өлкөдөгү эпизоотиялык коопсуздукту камсыздоодо маанилүү экенин белгилейт.



