Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын сактоо уюмунун Делегаттарынын Ассамблеясынын 93-Башкы сессиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору Адилет Сотовалдиев Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын сактоо уюмунун (WOAH) башкы директору Эммануэль Субейран менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ветеринария тармагындагы кызматташтыкты мындан ары бекемдөө, эпизоотиялык туруктуулукту камсыз кылуу, ветеринардык көзөмөл системасын өнүктүрүү жана Кыргызстандын ветеринардык тармагын жакшыртуу маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле WOAH уюмунун эл аралык стандарттарын ишке ашыруу, ветеринардык инфраструктураны жакшыртуу жана уюм тарабынан техникалык жана эксперттик колдоону кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Адилет Сотовалдиев өлкөнүн ветеринардык кызматынын натыйжалуулугун жогорулатууда WOAH менен кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеп, көрсөтүлүп жаткан колдоо үчүн ыраазычылык билдирди.
Өз кезегинде Эммануэль Субейран Кыргызстанда жаныбарлардын саламаттыгын коргоо системасын чыңдоодо уюм мындан ары да көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин тастыкташты.



