Кыргыз делегациясы WOAH уюмунун Делегаттарынын Ассамблеясынын 93-Башкы сессиясына катышты

2026-жылдын 18–22-май күндөрү Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору Адилет Сотовалдиев жетектеген делегация World Organisation for Animal Health уюмунун Делегаттарынын Ассамблеясынын 93-Башкы сессиясына катышты. Иш-чара Париж шаарында өттү.

Бул иш-чарага дүйнөнүн 183 өлкөсүнөн эл аралык уюмдардын жана ветеринардык кызматтардын өкүлдөрү катышып, жаныбарлардын глобалдык саламаттыгы, биологиялык коопсуздук жана ветеринардык системаларды туруктуу өнүктүрүү боюнча негизги маселелерди талкуулашты.

2026-жылдагы Башкы сессиянын негизги темасы: «Бардыгы үчүн коопсуз келечекти камсыз кылуу максатында жаныбарлардын саламаттыгына жана жыргалчылыгына инвестиция салуу» болду.

Катышуучулар трансчек аралык жана жаңы пайда болгон жаныбарлар ооруларына каршы күрөшүү, улуттук ветеринардык кызматтарды чыңдоо, эпизоотиялык мониторинг системаларын өркүндөтүү, ошондой эле ветеринария тармагына заманбап илимий жана технологиялык чечимдерди киргизүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

Кыргыз делегациясынын Башкы сессияга катышуусу ветеринария, азык-түлүк жана биологиялык коопсуздук жаатындагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мал чарба продукцияларынын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн стратегиялык мааниге ээ болду.

Пленардык жана тематикалык жыйындар менен катар Башкы сессиянын алкагында катышуучу өлкөлөрдүн делегацияларынын ортосунда бир катар эки тараптуу жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр өткөрүлдү.

Тактап айтканда, Адилет Сотовалдиев Евразия экономикалык комиссиясынын санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык чаралар департаментинин өкүлдөрү, ошондой эле Өзбекстан, Азербайжан, Тажикстан жана башка бир катар мамлекеттердин ветеринардык кызматтарынын жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар биргелешкен иштердин жыйынтыгын чыгарып, ветеринардык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты жана мал чарба продукциялары жаатындагы соода кызматташтыгын кеңейтүү, экспорттук-импорттук байланыштарды өнүктүрүү боюнча мындан аркы кадамдарды белгилешти.

Facebook
Twitter
Telegram
WhatsApp