Ата мекендик табигый балды өндүрүү жана кайра иштетүү менен алектенген үч ата мекендик ишкана Европа Биримдигинин TRACES системасына киргизилди.
Бул жетишкендик улуттук ветеринардык көзөмөлдөө тутумун Европа Биримдигинин талаптарына шайкеш келтирүү боюнча жүргүзүлгөн ырааттуу иштердин натыйжасы болуп саналат. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын балынын Европа Биримдигине мүчө мамлекеттерге экспорттолушуна расмий уруксат берилиши өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түздү.
TRACES системасына киргизүү жаныбарлардан алынган продукцияны Европа Биримдигинин рыногуна экспорттоону уюштуруудагы маанилүү этап болуп эсептелет. Аталган система продукциянын келип чыгышын жана кыймылын көзөмөлдөөнү, ветеринардык документтердин туура таризделишин, ошондой эле Европа Биримдигинин ветеринардык жана санитардык талаптарынын аткарылышын камсыз кылат.
Кыргыз балы үчүн Европа рыногунун ачылышы ата мекендик өндүрүүчүлөргө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, балчылык тармагын өнүктүрүүгө, экспорттук потенциалды жогорулатууга жана Кыргыз Республикасынын экологиялык таза, табигый продукцияларын эл аралык деңгээлде таанытууга өбөлгө болот.
Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы мындан ары да ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн эл аралык рынокторго чыгышын колдоо жана продукциянын коопсуздугун камсыз кылуу багытындагы иштерди улантат.



