2026-жылдын 15-июнунан тартып Кыргыз Республикасынын «Бирдиктүү терезе» маалыматтык системасы менен Россия Федерациясынын ветеринария тармагындагы «ВетИС» («Меркурий») федералдык мамлекеттик маалыматтык системасынын интеграциясы ишке киргизилди. Жаңы интеграциянын натыйжасында Россия Федерациясына экспорттолуп жаткан жаныбарлардан алынган продукцияларга берилген ветеринардык сертификаттар тууралуу маалыматтар автоматтык түрдө «Меркурий» маалыматтык системасына өткөрүлүп турат.
Мамлекеттик ветеринардык адистер мурдагыдай эле ветеринардык сертификаттарды «Бирдиктүү терезе» маалыматтык системасы аркылуу тариздөөнү улантышат. Интеграциянын негизинде таризделген сертификаттардагы маалыматтар автоматтык түрдө Россия Федерациясынын «Меркурий» системасына жөнөтүлөт. Бул өз кезегинде экспорттук документтерди тариздөө мөөнөтүн кыскартууга, маалыматтарды кошумча киргизүү зарылдыгын жоюуга, техникалык каталардын алдын алууга жана адистердин ишин кыйла жеңилдетүүгө мүмкүндүк берет.
Белгилей кетсек, «Бирдиктүү терезе» маалыматтык системасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы «Тышкы соода чөйрөсүндөгү “Бирдиктүү терезе” борбору» мамлекеттик ишканасы тарабынан жүргүзүлөт. Система тышкы экономикалык ишмердүүлүктү жүзөгө ашырууда уруксат берүүчү документтерди электрондук форматта тариздөөнү камсыздайт.
«ВетИС» («Меркурий») системасы менен интеграциялоо мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүнүн, экспорттук жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүнүн жана алардын натыйжалуулугун жогорулатуунун кезектеги маанилүү этабы болуп саналат.
Маалымат үчүн
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги №157 «Тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик органдар жана башка уюмдар тарабынан “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча уруксат берүүчү жана башка документтерди берүү тартиби жөнүндө» токтомуна ылайык, Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы ветеринардык сертификаттарды «Бирдиктүү терезе» маалыматтык системасы аркылуу тариздеп жана берип келет.



