Жайыттарга мониторинг жүргүзүү үчүн заманбап көчмө лаборатория берилди

Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) Жашыл климаттык фонддун (ЖКФ) каржылоосу менен ишке ашырылып жаткан CS-FOR долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматына жалпы баасы 6,6 миллион сомдон ашкан заманбап көчмө лаборатория берилди.

Көчмө лабораториянын курамына Toyota Hilux кызматтык унаасы, DJI Mavic 3 Enterprise RTK көп спектрдүү дрону, ноутбуктар, күн панелдери, генератор, көчмө энергия топтоо жабдуулары жана талаа иштерине керектүү башка техникалар кирет.

Бул жабдуулар жайыттардын абалын так жана ыкчам мониторингдөөгө, деградацияланган аймактарды эрте аныктоого, дрон жана ГИС технологиялары аркылуу маалыматтарды чогултуп талдоого, ошондой эле жайыттарды илимий негизде башкаруу боюнча чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүк берет.

Иш-чаранын алкагында ФАО менен Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын ортосунда кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюлуп, өлкөдө жайыттарга мониторинг жүргүзүү жана баалоонун бирдиктүү санариптик системасын өнүктүрүү боюнча иштер башталды.

Бул колдоо Кыргызстанда жайыттарды туруктуу башкарууну өркүндөтүүгө, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууга жана жаратылыш ресурстарын сактоого багытталган маанилүү кадам болуп саналат.

Белгилей кетсек, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы 2026-жылды Эл аралык жайыттар жана жайыт малчыларынын жылы деп жарыялаган. Бул чечим жайыттардын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуудагы, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоодогу, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуудагы жана парник газдарын сиңирүү аркылуу көмүртекти топуракта сактоодогу өзгөчө маанисин дүйнөлүк деңгээлде дагы бир жолу баса белгилейт.

Facebook
Twitter
Telegram
WhatsApp